Долбоор жөнүндө

BAZAR.KG - бул Кыргызстандагы жека адамдарга жана компанияларга товарларды, кызматтарды, вакансияларды жана резюмелерди акысыз жайшаштыруу үчүн заманбап онлайн кызматы.

Биз бул кызматты MASHINA.KG жана HOUSE.KG сыяктуу популярдуу ресурстарды жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча тажрыйбабыздык, ошондой эле мекендештерибиздин сунуштарынын негизинде жараттык.

Ыңгайлуу классификация, жарнамаларды берүү үчүн интуитивдүү жана ыңгайлуу форма, акылдуу издөө, колдонуучулардын чексиз аудиториясы, сатуучуга чалып же WhatsAppка билдирүү жөнөтүү, географиялык жайгашуудан эркин болуу, видео-сын-пикирлерди жайгаштыруу - бул заманбап BAZAR.KG онлайн базарынын артыкчылыктарынын бир бөлүгү, ал кээ бир адамдарга керексиз буюмдарды сатууга жана башкаларга баалуу товарларды арзан баада сатып алууга жардам берет.

Бизден ар ким аны кызыктырган нерсени же кызматты таба алат:

- Жеке буюмдар: кийим, бут кийим, саат, аксессуарлар;

- Курулуш жана оңдоо кызматтары, окутуу, көңүл ачуу;

- Электроника: мобилдик телефондор, компьютерлер, тиричилик техникалар;

- Үй жана коттедж: эмерек, идиш-аяк, тиричилик химиясы, ашкана үчүн шаймандар;

- Балдар үчүн: балдар кийимдери жана эмеректер, оюнчуктар, жаңы төрөлгөндөр үчүн товарлар;

- Хобби жана эс алуу: китептер, велосипеддер, музыкалык аспаптар, саякат;

- Жумуш: талапкерлердин резюмелери жана иш берүүчүлөрдүн бош кызмат орундар;

- Бизнес үчүн: чийки заттар, жабдуулар жана шаймандар;

- Кол эмгектери: зергерчилик, сүрөт, косметика.

Өз ара пайдалуу бүтүмдөр үчүн аларды бириктирип, адамдардын жашоосун жакшырта алабыз деп ишенебиз. BAZAR.KG - сатып алуу, сатуу, оңой!


Суроо барбы? Администрация менен байланышуу керек? Сизге бул жакка: кайтарым байланыш (техколдоо)

Биздин офис

Кыргыз Республикасы 720004,
Бишкек ш., Асанбай көч. 27/1
"Аврора" бизнес-борбору

Тел.: +996 (507) 22-33-22

email: info@bazar.kg

Биздин башка долбоорлор

MASHINA.KG — Кыргызстанда колдонулган жана жаңы автомобилдерди сатуу боюнча ири ресурстардын бири. Транспорт каражаттарын сатып алуучулардай эле, аларды сатууну каалоочуларга жардам көрсөтүү ниетинде, биз ыңгайлуу жана масштабдуу ресурсту иштеп чыктык, ал онлайн-жарыялар тактасы жана Android жана iOS үчүн мобилдик тиркеме түрүндө берилген.

Биздин максат – ресурсту колдонуучулардын убакытын үнөмдөө жана минималдуу баалар боюнча автомобилдердин жакшы варианттарын табууга сатып алуучуларга жардам көрсөтүү. Автомобиль сатып алууну каалагандар авто базарларга барууга өзүнүн кымбат убакытын коротушпайт. Абдан көп тандоосу бар онлайн-авто базар сиздин үйдө, сиздин компьютерде жана мобилдик телефондо!

MASHINA.KG — бул:

- Кыргызстанда автомобилдерди тандоонун өтө чоң тандоосу;

- ылайык келүүчү автомобилди тез табууга мүмкүндүк берүүчү, ыңгайлуу интерфейс жана издөө;

- сиздин телефон үчүн акысыз жана ыңгайлуу тиркеме;

- так техникалык маалымат, фотосүрөттөр, автомобилге баалар;

С MASHINA.KGден автомобилди сатып алуу жана сатуу жөнөкөй болуп калууда!

HOUSE.KG - бул Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк объекттерин сатуу жана ижарага алуу үчүн онлайн-ресурс.

Кыймылсыз мүлк биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп саналат: ар бирибиз чоң кооз батир же үй сатып алууну кыялданабыз, жана көпчүлүк адамдар кыска мөөнөттүү же узак мөөнөткө ижарага муктаж болушат. Мындан тышкары, көптөгөн адамдар үчүн кыймылсыз мүлк операциялары - бул алардын бизнеси же иши. HOUSE.KG баарына жардам бере турган бир катар алмаштырылгыс функцияларга ээ:

- Кыргызстандын ыңгайлуу жана деталдуу картасы;

- кыймылсыз мүлк жөнүндө толук маалымат;

- house.kg жана mashina.kg-ге үчүн бирдиктүү авторизация тутумун пайдалануу;

- видео сын-пикирлерин кошуу мүмкүнчүлүгү;

- алмаштыруу мүмкүнчүлүгү менен жана ортомчуларсыз сатылган мүлктү издөө;

- турак жай комплекстеринин чыныгы базасы.

HOUSE.KG - Кыргызстандагы бардык кыймылсыз мүлк онлайн режиминде!